Баңгизат менен кармалган аскер. УКМК жарыялаган видео

Шектүү Бишкек гарнизонунун убактылуу кармап туруучу жайына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкекте аскер кызматкеринин баңгизат менен кармалган видеосун жарыялады.
Коргоо министрлигинин кенже сержанты баңгизат колдонууга жана сатууга шектелүүдө. Аны Аскер прокуратуранын кызматкерлери менен биргеликте кармашкан.
УКМКнын маалыматына ылайык, ал аскер борбор калаада гашиш сатуу каналын түзгөн. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек гарнизонунун убактылуу кармап туруучу жайына киргизилген.
Кыргызстанда бир айга жетпей 70 тонна кара куурай жок кылынды