Россияда Кыргызстандын миграциялык өкүлчүлүгү ачылат

Мекемеде канча киши иштей турганы жана качан ачылары азырынча тактала элек.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Россияда Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгү ачылат.
Министрлер кабинети бирдиктүү миграциялык саясатты иштеп чыгуу максатында чечим кабыл алган.
Бийлик алгач ТИМдин Тышкы миграция департаментин Эмгек миграциясына кошуп кайра уюштурууну чечкен. Андан соң өкүлчүлүк негизделет.
Анда канча киши иштей турганы жана качан ачылары тактала элек. Бирок ТИМ чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелерде иштеп жаткан 11 кызматкерин өкүлчүлүккө жөнөтүшү керек.
Бийлик Чоң-Алайга 1500 памирлик кыргызды көчүрүп келүүгө белсенип жатат