Кыргызстан Россияга 47 миң жаранды “кара тизмеден” чыгарганына ыраазылык билдирди

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жолукту.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында кыргыз-россия ТИМдер аралык кеңеш өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Бишкек шаарында кыргыз-россия ТИМдер аралык кеңеш өттү

2 / 2

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Россия ТИМ башчысынын орун басары Андрей Руденко жолугушкан

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Россия ТИМ башчысынын орун басары Андрей Руденко жолугушкан.
Тараптар алдыда боло турган эки жана көп тараптуу тышкы саясий иш-чараларды, пландалган жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды талкуулашкан.
“Соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара иштешүү маселелери боюнча пикир алышты. Ошондой эле эки өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду”, — деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Ниязалиев жеңил административдик укук бузууларды жасаган 47 миңге жакын кыргызстандыктын Россияга кирүүсүнө тыюу салуу чечимин алып салгандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.
Дипломаттар кыргыз-орус мамилелерин жогору баалап, эки тараптуу деңгээлде да, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында да өз ара ишенимге жана түшүнүүгө негизделген кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешкен.
Россияда Кыргызстандын миграциялык өкүлчүлүгү ачылат