БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Рак клеткалары препаратка көнүп, дарылоо аракеттерине реакция жасабай калгандыктан ооруну айыктыруу кыйын. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы онкологу Андрей Каприн айтып берди.
"Ооруну дарылай албай жатканыбыздын эң негизги себеби ушул. Дарылоо жолдору алдыга чыкты. Анткен менен рак — акылдуу, анын мутацияланып кетмей касиети бар", — деди дарыгер.
Адис билдиргендей, бейтапка таасири күчтүү делген дарыларды бере бергенде, ал мурдагыдай жардам бербей калган учурлар кездешет. Кээде онкологдор дарылоонун алгачкы вариантына өтөт.