Бишкек, 30-июл. — Sputnik. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга божомолдонуп жаткан сапары Пекин менен Вашингтондун ортосуна камдашкыс жарака түшүрүп, жалпы эле аймактагы абалды начарлатып коюшу ыктымал. Бул тууралуу Global Times басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Кытай аскердик, дипломатиялык жана экономикалык жааттарда чукул жооп берери талашсыз. Ал тургай Тайвандын тегерегиндеги аба жана деңиз мейкиндигине кирүүгө тыюу салып коё алат. Андай учурда Пелоси учуп келе жаткан учакты абадан тосуп алышы мүмкүн", — деди Цинхуа университетинин Тайвань изилдөө институтунун директору У Юнпин.
Аскердик серепчилер Пекиндин жообу өтө масштабдуу болорун эскертүүдө. Алардын көбү "бизге эскерткен эмессиңер деп айтпашсын" деген терминди көп колдонушту. Дал ушул сөздөрдү Кытайдын расмий ЖМКлары 1979-жылы Индия жана Вьетнам менен аскердик кагылышуу болгон учурда байма-бай пайдаланышкан.
Ошондой эле Пекин Пелоси менен байланышкан адамдарга карата санкцияларды киргизип, АКШдан өзүнүн элчисин чакыртып алышы мүмкүн деп божомолдонууда.
"Вашингтон Кытайдын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун каалаган убакта бузуп кире албасын жакшы түшүнүшү керек", — деди Кытайдын коомдук илимдер академиясынын Тайвандык изилдөө институтунун директору Ян Минцзе.
Буга чейин Кытай лидери Си Цзиньпин америкалык кесиптеши Жозеф Байденге "от менен ойноо кооптуу экенин" эскерткен.
Эске салсак, Пелоси августта Тайванга барышы мүмкүн экени айтылган. Адегенде Пелоси баштаган америкалык делегациянын Тайванга сапары апрель айына пландалган. Пекиндин нааразычылыгын жарата турган бул сапар АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикеринин 1997-жылдан бери аралга жасаган алгачкы сапары болору айтылган.
Кытай өкмөтү менен арал провинциясынын ортосундагы расмий мамилелер 1949-жылы үзүлгөн. Ага Кытайдын Коммунисттик партиясы менен жарандык согушта жеңилип калган Гоминьдандын аскерлери Тайванга көчүп кетиши себеп болгон. Арал менен материктин ортосундагы бизнес жана бейрасмий байланыштар 1980-жылдардын аягында кайра жанданган. 1990-жылдардын башынан тартып тараптар Пекин ассоциациясы жана Тайбэйдин кысыктар аралык алмашуу фонду сыяктуу бейөкмөт уюмдар аркылуу байланыша башташкан.