Жумурткадай мөндүр жаап. Ысык-Көлдөн тартылган видео, сүрөт

Мөндүрдүн Тоң районунун аймагына жааганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн түштүк жээгине чоң-чоң мөндүрлөр жааган.
Анын көлөмүн ширеңкенин кутусуна салыштырышкан. Бир караганда тооктун жумурткасыныкындай. Сүрөттөн мөндүрдүн чатырды тешип кеткенин көрүүгө болот. Видео менен сүрөттү Көк-Сай айылынан Баатырбек аттуу тургун салып жиберген.
Мөндүрдүн Ысык-Көлдүн түндүк тарабына да жааганын айтышты.
Боомдо сел жүрүп, авто жана темир жол каттамдары жабылды. Сүрөт, видео