Лавров менен Блинкен телефондон сүйлөштү. Козголгон маселелер

Тышкы саясат ведомстволорунун башчылары Украинадагы кырдаалды талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Россиянын ТИМинин маалымат кызматы билдирди.
Эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары Украинадагы кырдаалды талкуулашкан.

“Министр Донецк Эл Республикасында, Луганск Эл Республикасында жана Украинанын аймагында жүргүзүлүп жаткан атайын аскердик операция боюнча Россия тараптын принципиалдуу кадамдарын айтты. Ал коюлган милдет жана максаттар толугу менен аткарыла турганын белгиледи”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Лавров украиналык куралдуу күчтөрдү куралга шыкай бергендик Киевдеги согуш алааматын узартып, чатакты создуктурарын Блинкендин эсине салды. Ал эми РФтин Куралдуу күчтөрү эл аралык нормаларды тыкыр сактап келерин, бошотулган аймактарда жай жашоого кайтаруу үчүн жасалчу иштердин ырааты жөнгө салынганын белгилеген.
Аны менен катар россиялык азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн тиешелүү жеңилдиктерди берүү боюнча АКШнын убадасы азырынча ишке аша электигин айтып, америкалык санкциялар кырдаалды оорлоштуруп жатканын билдирген.
РФ ТИМ башчысы Россия менен АКШнын абактагы жарандарын алмашуу темасында Россия тарап “тынч дипломатия” режиминде болчу кесипкөй диалогго кайтууга басым жасап, сунуштарын айтып жатканын эскерткен.
Телефон аркылуу сүйлөшүү америкалык тараптын демилгеси менен уюштурулган.
Лавров: биздин өнөктөштөр АКШнын санкцияларына дуушар болушу мүмкүн