Акылбек Жапаров Кумтөр тышкы башкаруу өткөндөн кийин канча киреше түшкөнүн айтты

Өкмөт башчы Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен баары өзгөрүп жатат деген пикирин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Былтыр 17-майда Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилгенден бери 220 миллион доллар таза киреше таптык. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чоң-Алай районунун кайра түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракесинде билдирди.
"Башкысы – Кумтөрдү Кыргызстанга алдык. Алтындын бардык запастарына өзүбүз ээлик кылабыз. Кумтөр мындан ары Кыргызстандыкы болду. Бул – баарыбыздын күткөн жеңишибиз!" — деген министрлер кабинетинин жетекчиси.
Жапаров ошондой эле 30 жылдын ичинде 33 өкмөт башчы, беш президент алмашканын, өлкө акыркы 15 жылдан бери саясий толкундоолор менен катаклизмден арылбай келгенин белгиледи. Ал эми президент Садыр Жапаровдун келиши менен "баары өзгөрүп жатат" деген пикирин айтты.
Бийлик "Кумтөр" биротоло Кыргызстанга өткөнүн жарыялады. Келишимде эмнелер камтылган?