Министр Кулубаев Украинадан кеткен студенттерди Кыргызстанда окууга чакырды

Кулубаев Ташкентте индиялык кесиптеши менен жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстандын жогорку окуу жайлары Индиядан дагы да көбүрөөк студенттерди кабыл ала алат.
ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, министр Жээнбек Кулубаев жана анын индиялык кесиптеши Субраманьям Жайшанкар бул маселени Өзбекстанда өткөн ШКУнун ТИМ башчыларынын жыйынында талкуулашкан.
Кулубаев кыргыз тарап Украинадан кайтып барган индиялык студенттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын белгилеген. Ошондой эле эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумунун алкагында долбоорлорду ишке ашыруу талкууланган.
Министрлер кыргыз-индия мамилелерин бардык багыттары, анын ичинде эл аралык уюмдарда бири-бирин колдоо боюнча алаканы бекемдөө жана өнүктүрүүгө макулдашкан.
Кулубаев: ЕБ жана АКШ менен кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик аяктап калды