БИШКЕК, 30-июл. – Sputnik. "Чыңгыз дөө" каймана аты бар кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынан өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу маалымат булак билдирди.
Такталбаган маалыматтарга таянсак, аны камерада мууздап кетишкен. Жаза аткаруу кызматы азырынча бул боюнча комментарий бере элек.
41 жаштагы Жумагуловду июлдун ортосунда кармап, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизген. Кримтөбөлгө уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана бизнес адамдарынан акча талап кылган деген күнөө коюлган.
8-июлда Бишкектин четинде, Аламүдүн району тарапта анын автоунаасы аткыланганы боюнча маалымат тараган. Жумагулов жана анын жанындагы кишилер качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми күч түзүмдөрү кримтөбөлдү кармоо боюнча операция болгонун төгүндөшкөн.
Кылмыштуу топтун бул активдүү мүчөсүн Кылмыш кодексинин ар кыл беренелери менен бир нече ирет кармап, соттошкон. 2018-жылы аны эки кишини катуу сабап салган деген шек менен кармашкан. 2020-жылы сот аны күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. 2021-жылы кылмышкер кайрадан эркиндикке чыккан.