Диетолог: бирге чыга элек бөбөккө дарбыз берген болбойт

Бул жемишти 3 жашка чейинки бөбөктөргө да аз-аздан берүү сунушталды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Дарбызды түндө жегенге жана бир жашка чыга элек бөбөктөргө бергенге болбойт. Бул тууралуу диетолог Виктория Егорова РИА Новостиге билдирген.
Адис дарбызды өтө көп жеген учурда ичеги-карын жана зат алмашууда көйгөй жаратышы ыктымал экенин белгилеген.
"Күнүнө дарбызды 500 граммдан ашык жегенге болбойт. Бул 3-4 кесим. Эгер аталган жемишти ашыкча жеп алса, зат алмашуу бузулат. Мындан тышкары, бир жашка чейинки балдарга дарбыз сунушталбайт. 3 жашка чейинкилерге да этияттап берген оң. Ал улам заара келтире бергендиктен түндө жебей эле коюу сунушталат", — деген Егорова.
Медик бул жемишти ичеги-карын оорулары барлар, кант диабети менен жабыркагандар этияттап жеш керектигин эскерткен.
Медик кайсы суусундук диабет менен ракты чакырарын айтты