Чынчылдыгына Усубалиев таң берген генерал Калыйнур Үсөнбеков. Маек

Кыргыз уулу генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков Улуу Ата Мекендик согушта башын канжыгага байлап, эрдик жасагандардын бири. Согуштан кийин да ал кишинин элине жасаган кызматы зор.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековду эскерүү иретинде генералды жакшы билген айылдашы, атайын кызматтын отставкадагы полковниги Ой-Талбек Осмоновду редакцияга чакырганбыз.
Атайын кызматтын отставкадагы полковниги Ой-Талбек Осмонов
— Генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун балалыгы оор жылдарга туш болгонун билебиз...
— Калыйнур Үсөнбекович Ысык-Көлдүн Түп районундагы Ой-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Көп өтпөй айылга Исмаев Салих деген татар мугалим келип, анын колунда 1-класстан 8-класска чейин билим алат. Генералдын билимдүү инсан болуп калыптанышына ошол мугалимдин салымы абдан чоң. Кийин окуусун бүтүп биздин азыркы Каракол шаарындагы педагогикалык техникумда билим алат. 1941-жылы 22-июнда диплом алар күнү согуш башталгандыгы тууралуу суук кабар келет. Кырдаалга жараша көп күткөн бүтүрүү кечеси да болбой калып, ар кимиси үйүнө тарап кетүүгө мажбур болушат. Калыйнур аксакал Ысык-Көлдүн тескейиндеги Кичи-Жаргылчак айылында иштеп жүрүп, үйүнө да барбай өз каалоосу менен согушка кетип калат.
Калыйнур Үсөнбекович төрөлгөн 1921-жылдары элде ачарчылык болуп, кыйналып турган учур экен. Анан аксакалдар чогулуп, мындан ары токчулук заман келсин деген тилек менен ырымдап атын Кебек (ундун кебеги) деп коюшат. Кийин бала эс тартып калганда "эми балаңардын атын өзгөртө бергиле" десе атасы Калый деген ысым ыйгарат. Бирок өзү элге жакшы заман келсин деген жакшы тилек менен атына дароо "нур" деп кошуп алат. Ошону менен аты Калыйнур болуп калган.
Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун насаатчылык ирмемдеринен
— Аскердик кызматка аралашып калган себеби тууралуу айтып берсеңиз?
— Көлдүн Кичи-Жаргылчак айылынан согушка кеткенден кийин алгач кыска мөөнөттүү аскердик билим алат. Андан соң билимдүү болгондуктан жаш балдарды үгүттөө үчүн саясий тармакта кызмат өтөгөн экен. Ошондо эле саясатка жакын болуп, балдардын духун көтөрүп, алдыга сүрөөгө шыктуу болот. Согуш талаасында да аскерлерге күч берип, сүрөп отуруп бир топ кармашта жеңишке жетишкен. Ал киши 9-майда жеңишти да Берлинде тоскон.
— Баатырдык наамын, орден, медалдарын алганы да өзүнчө таржымал экен...
— Согушта Калыйнур Үсөнбекович башында турган аскердик чакан топ фашисттерден чабуулга келе жаткан 70-80 кишини өлтүрүп, батышты карай жүрүүгө жол ачкан. Мындан тышкары, жеке эрдиктери да болгон. Немистердин бир катар офицерлерин колго түшүрүп согушка керектүү маалыматтарды алып, жетекчилерге берип турган. Бул киши Ленин ордени менен Советтер Союзунун Баатыры наамынан тышкары "Кызыл Жылдыз" орденин үч ирет алган. Одер дарыясын форсаждоодо баатырлыгы жана эрдиги үчүн СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1945-жылдын 31-майындагы жарлыгы менен Калыйнур Үсөнбековго Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. 1945-жылы февралда Берлин шаарында "Ага лейтенант" наамын алган. Генерал уулу менен айылдаштары да абдан сыймыктанып турчу. Өзү да өмүр бою айылынан кол үзгөн жок. 1975-жылы мен орто мектепти бүтүп жатканда айылга келип балдарга ак батасын берип кеткен. Айылда Иван деген атасынын бала кезинен берки досунукуна көп келчү. 1973-жылы Кутурга айылыбыздагы (Ой-Булакка жанаша турган айыл) эстеликтин ачылышында мага комсомолдук билетти өз колу менен тапшырган. Ал кишинин таалим-тарбиясы, акыл-насаатынын арты менен биздин муундан көп балдар аскердик окуу жайларга кетишкен. Баскан-турганы, чыкыйып сүйлөгөнү да баарыбызга үлгү эле. Анын үстүнө форма абдан жарашчу. Өзү да ак жуумал, бою узун киши эле. Суроо берсек баарына тартынбай жооп берчү.
Генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков Турдакун Усубалиев менен. 1980-жылдар
— Согуштан кийин да билим алуусун уланткан турбайбы?
— Ооба, бул киши кыргыздардын ичинен Москвадагы аскердик юридикалык академияны биринчилерден болуп бүтүргөн адам. Аны аяктагандан кийин Кыргыз ССРинин аскер прокуратурасында орун басар болуп иштеген.
— Биринчи жубайы да Москвада окуптур. Ошол жактан таанышкан го...
— Согуш убагында апабыз Жумагүл Мусаева менен таанышып калган. Экөө почта аркылуу кат жазышып да жүрөт. Апабыз ал кезде жаңыдан жогорку окуу жайын бүтүрүп жаткан кези экен. Анын үстүнө аэроклубда учкуч болуп, 137 жолу парашюттан түшкөн кыз. Убагында согушка баруу тилегин да билдирет. Кайсы бир себептер менен аскер комиссариаты апабызды согушка жибербей коёт. Кийин согуштан келгенден кийин экөө жолугушкан. Калыйнур Үсөнбекович Москвада окуп жүргөндө жубайы да Москвада аспирантурадан билим алып, география илимдеринин кандидаты болуп келген. Жумагүл Мусаева азыркы Ишенаалы Арабаев атындагы университеттин биринчи ректору болгон. Ал кезде Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту деп аталчу. Экөө бир эркек, эки кыздуу болушат. Тагдыр экен 1980-жылдары Жүмагүл эже кайтыш болуп калат. 1983-жылы Калыйнур Үсөнбеков Зина эжебиз менен табышып, жылдызы келишип баш кошушкан. Ал киши да жолдошунун биринчи турмушундагы балдарын жакшы кабыл алган. Зина эже да Калыйнур Үсөнбековичтен өткөн оор басырыктуу адам. Генералдын көзү өтсө да азыр ал киши менен жакшы мамиледебиз. Экөө жыйырма жылдай чогуу жашады.
Советтер Союзунун үч жолку Баатыры Александр Покрышкин менен генерал -лейтенант Калыйнур Үсөнбеков. Москва шаары
— Жердештерине да аябай колдоо көрсөтүптүр. Ошол эле Исмаилбек Таранчиевге баатырдыкты алып берүүдө чоң эмгек жасаган экен...
— Жердештерим таарынбасын, колдоо десе эле тыйын-тыпыр деп түшүнүүгө болбойт. Бул киши бизге үлгү жана жол көрсөтүүчү болду. Дайыма "момундай жүргүлө, биякка баспагыла, ичкилик ичпегиле, бул жакта окугула" деп насаатын айтып калды. Ал эми Николай Лященко менен Исмаил Таранчиевге баатырдык наамын берүүгө эмгеги зор. Мен Ижевск шаарында КГБда иштеп жүрүп 1987-жылы Бишкекке көчүп келдим. Көп өтпөй Калыйнур Үсөнбекович Республикалык ардагерлер уюмун башкарып калды. Бир күнү капыстан кезигип калсак, "Ой-Тал, биз эскерүү китебин ("Книга памяти" — ред.) жазып жатабыз. Силер үч тамгадагылар (КГБ — ред.) кичине этият болосуңар, китепке кирген фамилияларды өзүңөрдөн да караштырып бергилечи", — деди. Анткени ошол убакка чейин биздин арабызда да "саткындар" бар болчу да. Аларды тарыхка киргизчү эмеспиз. Ошолор кирип кетпешин кароомду суранды. Өзү да абдан сак киши эле. Мен да айрым маселелерде тарткынчыктап жүрсөм, кудай жалгап өзү СССРдин Жогорку Советине депутат болуп калды. Бул жогорку мамлекеттик органга аны менен бирге СССРдин атайын кызматынын легендарлуу генералы Жумабек Асанкулов да келет. Экөө абдан ынак болчу. Кездешип калышканда тиги кишиге китеп тууралуу айткан экен. Мен саясий бөлүмдө иштечүмүн, мага Калыйнур Үсөнбековдун кагаз иштерине жардам берүү тапшырмасы берилгенде китебине барып жүрчүмүн. Ага абдан залкар окумуштуулар келер эле. Жанында академик Курман-Гали Каракеев жүрүп калчу. Редколлегия чогулуш өткөргөндө окумуштуулар кеңеши биякта калсын, абдан такташып, китепке киргендердин үй-бүлөлөрүнөн да маалыматтарды сураштырышчу эле. Китептин жыйынтыгын чыгарып жатканда редколлегиянын сунушу катары Калыйнур Үсөнбекович, согушта баатырдык көрсөткөн биздин мекендештердин саны башка мамлекеттерге салыштырмалуу төмөн экендигин, бирок эрдик жасагандар абдан көптүгүн айтты. Бааланбай калышыптыр. Айрымдарды кеч болсо да баатырдыкка көрсөтүү боюнча Михаил Горбачевге депутаттык кайрылуу жасарын билдирген. Ал 1989-жылы биринчилерден болуп СССРдин армиясынын атактуу генералы, советтик кол башчы теги кыргызстандык Николай Лященко, учкуч Исмаилбек Таранчиев жана Панфилов дивизиясынын жоокери Ашырбай Коёнкөзовго СССРдин Баатыры наамын ыйгаруу тууралуу демилге көтөргөн.
Советтер Союзунун Жогорку Советинин эң акыркы чакырылышынын эл өкүлдөрүнүн кызматтык укуктары мурдагыга караганда аябай кеңири эле. Ушундан пайдаланып Үсөнбеков Асанкуловдон жогоруда айтылган үч кыргызстандык жоокер тууралуу Москвадагы СССРдин Мамлекеттик коопсуздук кызматынын архивинен кошумча маалымат таап берүүнү өтүнөт. Жумабек Асанкулович бул ишти Кыргыз ССРинин атайын кызматынын архивинин жетекчиси полковник Виталий Мельниковго тапшырат. Маалыматтар Москвадагы архивден табылат. Анын жыйынтыгы менен Калыйнур Үсөнбекович СССРдин Жогорку Советинин депутаты катары совет мамлекетинин эң биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёвго расмий кайрылуу даярдап, үч жердешибизди Советтер Союзунун Баатыры наамы менен сыйлоону өтүнөт. Буга Үсөнбековдун катчысы Фаина Смирнова жана афган согушунун ардагери Чолпонбек Беккелдиев күбө. Чолпонбек да республикалык ардагерлер уюмунда Калыйнур Үсөнбекович менен чогуу иштешчү. Горбачёв Үсөнбековду колдоп Лященко менен Таранчиевди СССРдин эң жогорку наамы менен сыйлайт. Ошол маалда Николай Григорьевич 80 жашта экен.
Исмаил Таранчиев Эстониянын Нарва шаарында учагы күйө баштаганда бир топ немец аскерлери жайгашкан май куюучу жайга барып, өзүн-өзү жардыртып, тигилерди да ала кеткен. Тилекке каршы, 1991-жылдын аягында Советтер Союзу ыдырап, мунун айынан Коёнкөзовго бул наам берилбей калган. Үсөнбеков каарман Ашырбай Коёнкөзовдун баатырдыгын тирүү жүрүп айтпасам болбос дечү. Полктошторунун айтымында жана архивдик документтерде жазылгандай, ал немецтер ыргыткан гранатаны тосуп алып, кайра өздөрүнө ыргыткан учурлар болгон экен. Мындан тышкары, Коёнкөзов аттын кулагы менен тең ойночу экен. Ошондуктан 1942-жылы аны командачылык Ленинград аймагындагы 7-партизандар бригадасына жиберет. Ал жерде Коёнкөзов диверсиялык иштерди жүргүзгөн. Баш-аягы 138 гитлерчини жок кылып, 18 фашистти туткунга алган. Немецтердин материалдары, аскерлери келе жаткан поезддерди көпүрөнүн алдына туруп жардырып туруп, өзү аман-соо кетип калчу экен. Коёнкөзов бир эмес, эки ирет Гиннестин рекорддор китебине кирсе аздык кыларын айтышчу. Салгылаштарда ал диверсиялык ыкма менен согушууга шыктуулугун көрсөтөт. 1943-жылы 31-декабрда 37 жашында Псков районунда баатырларча курман болгон. Советтер Союзунун саясатынын айынан көп маалыматтар чыкпай калган. Калыйнур Үсөнбеков "куралдашым Ашырбайдын алдында парзымды аткара албай калдым" деп аябай арман кылган. Кийин деле ар кандай саясий маселелер чыкса керек, демилге көтөрүлгөнү менен кийинки жетекчиликтен колдоо тапкан эмес.
Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов.
— Саясий ишмердиги тууралуу айтсаңыз?
— Бул киши КПБКнын мүчөсү болду. Турдакун Усубалиев менен мамилеси абдан жакшы эле. Кайда барбасын ал дагы Үсөнбековичти дайыма өзүнүн оң колундай сыйлап алып жүрдү. Калыйнур аксакалдын кызы Айнура чет элдик финляндиялыкка турмушка чыккан. Ал СССР менен достук мамиледеги өлкө болчу. Бирок генерал өз арызы менен кызматтан кетүүгө белсенет. Алгач муну ошол кездеги КГБнын жетекчисинин орун басары, генерал-лейтенант Таштемир Айтбаевге айтат. Ал "шашпаңыз, мен муну тактайын, күйөө баланын ким экенин сураштырайын" дейт. Бир-эки жумадан кийин иликтеп көрсө, Советтер Союзуна ою түз, илимдүү-билимдүү жигит экен. Кийин муну уккан Турдакун Усубалиев "жетекчилердин баары Калыйнурдай болсо…" деп абдан таң калыптыр. Бул — ал кишинин канына сиңген тарбиясы. Генералдык атына көө жабылышын каалаган жок. Кийин кызы Европада экономика жаатында мыкты билим алып, Швециянын өкмөтүндө да иштеди. 1988-жылы атактуу онколог, азыр Сан-Францискодо жашаган Рысбек Абдылдаев Москвада иштеп жүргөндө Европага союздагы онкологиялык көйгөйлөр боюнча барат. Ал Айнуранын телефонун менден алып ага атайын кайрылса, ал өз кызматынан пайдаланып көптөгөн кагаздарга кол койдуруп, дары-дармек жагынан да маселелерин чечип берген. Анын үстүнө Айнура абдан компетенттүү, сырткы келбети Таттыбүбүдөн кем калышпаган кыз болгон. Ал Америкада иштеп жүрүп, өмүрү кыска экен, каза болгонуна 5-6 жыл болуп калды. Калыйнур Үсөнбековичтин үч кыз, бир уулу болгон. Улуу кызы кичинесинде эле менингиттен чарчап калган. Азыр Үсөнбековичтин неберелери Бишкекте турат.
— Кийин аскердик институтка да аты берилди…
— Ооба. Аскердик институтка атын берүүдө агам, чалгынчы Жумалы Кубатов демилге көтөргөн. Кийин көзү өтүп кетти. Калыйнур Үсөнбековдун 100 жылдыгында айылдаштарым намыстанып институтка айкелин орнотушту.
Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков Улуу Атам Мекендик согушта баатырдык менен курман болгон кыргызстандык куралдаштарын көбүнүн алдында өзүнүн парзын аткарганын анын шакирттери айтып келишет.
— Калыйнур Үсөнбеков элине эмгегин арнап кетти. Биз аны мурастап кала алдыкпы?
— Көп иштери калды. Кыргызстандагы бардык айдоочулар менен байланышчылар ДОСААФта дайындалчу. Ал киши иштеп турганда биздин ДОСААФтын атак-даңкы союзга угулуп турчу эле. Себеби бул окууну бүтүп аскерге, деңиз флотуна баргандардын баары из калтырган, мекенинин патриоттору болгон. Муну аскердик мекенчилдик тарбия деп коёт. Бул жагынан абдан чоң салым кошуп кетти. ДОСААФтын материалдык базасын да жакшырткан. Деңиз аскер флотунун контрадмиралы Марат Темиров Кыргызстанга экинчи рангдагы капитан чини менен келген. Келип ДОСААФка кызматка орношту. Калыйнур Үсөнбекович ошол кишини таптап контрадмирал кылууга жетишти. Бул жөнөкөй иш эмес. Мындай наамдарды союз учурунда республикалык деңгээлде бере алчу эмес. Ал бардык тараптан мыкты кадрларды даярдаган. Айрымдары генералдын үйүндө жашаган. Аксакалдар да аймактардан келип кеңешип турчу.
— Сиз дагы бир чети шакирти болуп калдыңыз да?
— Мени урушканы мага дары эле. 1988-жылы Бишкектен үй алып калдым. Кыргыздын өрлүктөп келмей салты бар эмеспи, ошого меймандарды кечки саат 6:00гө чакырсам, ал киши ордендерин тагынып, Зина апамды ээрчитип 5:00дө келип калды. Бизде мейман күтүүгө даярданууга дагы бир саат бар эле. "Калыйнур ата, эртерээк го, жүрүңүз мындай отуруп туралы" — десем, "Жок, мен сенин атаңмын. Атайын даярдыгыңды көрөйүн деп келдим. Сыйлуу конокторго уят болуп калба", — деп столду карап, "келинге беш" деди. Анан мени башка бөлмөгө чакырды. Барсам, "Сен эмес мен параддык формамды кийип келдим. Спорттук костюм кийгениң кандай? Сен дагы ак көйнөктү кийип чыкыйып, коноктор менен дасторкондо отуруп, "келгиле, алгыла" деп сыйлап тур. Баталарын ал, сөздөрүн ук. Эшиктеги ишиңди бир иниңе тапшыр", — деди. Ушундай аталык насааттары мага сабак болуп калды.
Кийин союз тараганда Анарбек Бакаевге атайын жарлык менен генерал-лейтенанттык наам берилген. Ошондо баары чачыранды болуп эч жерде погон жок. Анан наамды тапшыруу салтанатына айла жок мени Калыйнур Үсөнбековдун погонун убактылуу сурап келүүгө жиберишти. Барсам, ой, айланайын "ала кой" деп берген. Кийин 2000-жылдардын башында УКМКнын төрагасы Калык Иманкуловго да ошондой наам берилип калды. Ага да көнгөн адатымча Калыйнур Үсөнбековичтин погонун сурап бергем. Бул инсандын батасы менен бул генералдар да жаман болгон жок.
Генералдын арманы. Парз, Горбачевго кат, бааланбай калган баатырдык