Financial Times: Евробиримдиктин ынтымагы ыдыраганы турат

ЕБ өлкөлөрү Украинада атайын операция башталгандан бери бирдиктүү фронтто экенин көрсөтүп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн Россияга карата позициясы бирдиктүүлүгүнөн тайып бара жаткандай элес калтырууда. Бул инфляциянын өсүшү менен электр энергиясын үнөмдөөгө болгон муктаждык таасир этип жатканын Financial Times гезитиндеги макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, ЕБ өлкөлөрү Украинада атайын операция башталгандан бери бирдиктүү фронтто экенин көрсөтүп келген.

"Бирок тез өнүгүп келе жаткан инфляция менен күрөшүүгө аргасыз болгон Европа лидерлеринин арасында пикир келишпестиктер пайда боло баштады", — деп айтылат билдирүүдө.

Басылма Европа биримдигинин лидерлери "өз позициясын бекем сакташабы же кымбатчылыктан улам ачууланган элдин каарына туш болгондо Москвага мамилесин өзгөртүүгө аргасыз болобу?" деген суроону ачык бойдон калтырды.
Макаланын соңунда айтылгандай, жок эле дегенде биримдикке энергетиканы үнөмдөө көйгөйү жик түшүрүп коюшу мүмкүн.
Британиялык тарыхчы: күзүндө Батыш Киевди аймактык жол бошотууга чакырып калат