БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Дүйнөдө төртүнчү адам ВИЧ вирусун жеңип чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Калифорниянын (АКШ) 66 жаштагы жашоочусу илдетке 1988-жылы кабылган. Өзүнүн диагнозун угаары менен ал жашоодон үмүтүн үзүп, эч качан айыкпайм деген бүтүмгө келген.
"Кийин ал лейкемия (кандын рагы) дартына кабылып, андан сакайтуу үчүн дарыгерлер сөөк чучугун трансплантациялашкан. Кызыгы донордун ДНКсында сейрек мутациясы болгон. Дал ушул нерсе оорулуунун организмин вируска туруштук бере алгыдай кылып койгон. Ошентип 66 жаштагы киши ВИЧти жеңе алды", — деп айтылат макалада.
ВИЧтен эң биринчи берлиндик Тимоти Рэй Браун айыккан. Ага жана венесуэлалык экинчи бейтапка дагы сөөк чучугун алмаштыруу ыкмасы жардам берген. Үчүнчү адам Сан-Паулу шаарынын (Бразилия) тургуну. Аны дарыгерлер антиретровирустук дары-дармектерди агрессивдүү экенине карабай айкалыштырып отуруп сакайтып алышкан.
ВИЧ – бул адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу. Медицинада ал көптөгөн жылдардан бери айыккыс дарт катары мүнөздөлүп келген.