"Чыңгыз дөөнү" ким, эмне үчүн өлтүргөн. ЖАКтын маалыматы

Кримтөбөлдүн сөөгүн бүгүн өзү отурган Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагындагы камерадан табышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду ("Чыңгыз дөө") Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында отурган камералашы касташкандыгынан улам өлтүргөн. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан (ЖАК) кабарлады.
Ведомстводон анын сөөгү бүгүн камерадан табылгандыгын тастыкташты. Буга чейин маалымат булагы анын камерадан мууздалгандыгын билдирген.

"Ал адам өлтүргөндүгүн мойнуна алган. Азыр жагдай иликтенип, тергөөчүлөр жеринде иштеп жатат", — деп билдирди ЖАКтан.

"Дөө Чыңгыздын" адамы ишкерден 20 миң доллар алып жатып кармалды. Видео