Боомдо сел жүрүп, авто жана темир жол каттамдары жабылды. Сүрөт, видео

Жол бүгүн болжол менен саат 18:30да ачыларын, учурда атайын техникалар иштеп жаткандыгын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Боом капчыгайында жамгырдан улам сел жүрүп, автоунаа жана темир жолду бөгөп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен "Кыргыз темир жол" кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 128-129-чакырымдарында болжол менен саат 11:00дө жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, кум, шагыл трассаны жаап калган. Учурда каттамдар эки тараптуу жабык.
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы тиешелүү кызматтар тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады. Алардан сырткары тактоо иштерин жүргүзүүгө нөөмөттө турган куткаруучулар жана Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тартылган. Транспорт жана коммуникация министрлигинен жол бүгүн болжол менен саат 18:30да ачыларын, учурда атайын техникалар иштеп жаткандыгын айтышты.
Нөшөрлүү жаандан сел жүрүшү мүмкүн. Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсү