Бишкектин Садыгалиев көчөсүндөгү кампа күйүп кетти. Видео

Өрт туурасында маалымат түнкү саат 03:45те түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Мурманск жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Кампа күйүп жатканы туурасында маалымат таңкы саат 03:45те түшкөн.

“Өрттү өчүрүүгө ыкчам түрдө биринчи бөлүм саат 03:46да чыгып кеткен. Күйүп жаткан имарат чоң болгондуктан жалпысынан жети бөлүм, бир суу ташуучу жана ыкчам топ барган. Мындан сырткары, жеринде ИИМ кызматкерлери, РЭТтен бир бригада, Тез жардам кызматынан бир бригада, газ чарба кызматынан бир бригада, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан эки суу ташуучу техника иштеди”, — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада өрт саат 07:20да чектөөгө алынып, учурда толук түрдө өчүрүү иши жүрүүдө. Жабыркагандар жок.
ӨКМ кошумча маалымат берүүнү убадалады.
Сокулукта автоунаа оңдогон жайда эки спринтер өрттөнүп кетти. Сүрөт