Жол жээгинде мыйзамсыз соода кылгандарга 144 миң сом айып салынды. Сүрөт

Борбор калаада мыйзамсыз соода кылган 48 учур катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкекте башаламан соода-сатык кылгандарга карата рейд өткөрүлүп, 144 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.
1 / 4

Бишкекте башаламан соода-сатык кылгандарга карата рейд өткөрүлүп, 144 миң сом айып салынды

2 / 4

Аталган кызмат өзүм билемдик менен жол жээгинде күйүүчү май, дарбыз, коон өңдүү жашылча-жемиш, балмуздак жана суусундуктарды саткандарды аныктоо үчүн эки күндүк рейддин алкагында мыйзамсыз соода жүргүзүлгөн 48 учурду каттады

3 / 4

Укук бузуулар кодексинин 179-беренесине ("Жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода түйүндөрүн, тамактануу пунктуларын, сервистерди же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу") ылайык тийиштүү протоколдор толтурулуп, ар бирине 3000 сомдон айып салынды

4 / 4

Милициядан мындай рейддер улантыларын айтты

Аталган кызмат өзүм билемдик менен жол жээгинде күйүүчү май, дарбыз, коон өңдүү жашылча-жемиш, балмуздак жана суусундуктарды саткандарды аныктоо үчүн эки күндүк рейддин алкагында мыйзамсыз соода жүргүзүлгөн 48 учурду каттады.
"Укук бузуулар кодексинин 179-беренесине ("Жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода түйүндөрүн, тамактануу пунктуларын, сервистерди же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу") ылайык тийиштүү протоколдор толтурулуп, ар бирине 3000 сомдон айып салынды", — деп айтылат билдирүүдө.
Милициядан мындай рейддер улантыларын айтты.
Көлдө рейд жүрүп, сүрөткө түшүү үчүн кармалып турган 5 куш коё берилди