Жаңы стадион 20 гектардан ашык жерге курулат. Өкмөт орун даярдап жатат

Бийлик буга чейин спорттук жайдын курулушу боюнча иштер августта башталарын билдирген эле.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жаңы стадион Сокулук районунун Орок айыл аймагында 20,78 гектар аянтка курулат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Бул максатта атайын аянт айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын жана энергетиканын жерлери деп белгиленген категорияга которулганы айтылды.
Буга чейин президенттик администрациядан спорттук жайдын курулушу боюнча иштер августта башталып, болжол менен эки жылдан кийин аяктарын билдирген эле. Долбоорду Европадан келген, бул багытта тажрыйбасы бар компания алып барары кабарланган. Спорттук комплекске баш-аягы 22,5 миң көрүүчү сыймакчы.
Жаңы стадион курулат. Садыр Жапаровдун футболчуларды куттуктаган видеосу