Спортчулар Бар-ле-Дюктан Сен-Дье-де-Вожго чейин 175,6 чакырым жүргөн. Видеодон көрүнүп тургандай, бир маалда спортчулардын арасынан алдыда келе жатканы кулап, ага башкалары чалынып, ондогон спортчу заматта кырсыктаган.
Айрымдары дароо токтой албай биринин үстүнө бири кулап, велосипеддеринин дөңгөлөктөрү чырмалашып калган. Кээ бир спортчулар жаракат алып, мындан улам жарышты улантып кете алышкан эмес.
Маалым болгондой, велоспорт боюнча дүйнө чемпиону Лаура Зюссмильх кырсыктын кесепетинен эки омурткасын сындырып алган. Башкаларынын колу сынып, башы чайкалганы айтылды.
Жалаң аялдардан турган "Тур де Франс" жарышы тарыхта биринчи жолу өтүп жатат.
Тема боюнча: