Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат. Графиги

Министрлик келтирген ыңгайсыздык үчүн айдоочулардан кечирим сурап, кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. 29-июлдан 7-августка чейин Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Бул аралыкта тоннелде күз-кыш мезгилдерине байланыштуу оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрмөкчү. Мындан улам автоунаалар ары-бери каттаган учурда чектөө кирип турат.
Тоннелди жабуу графиги:
Эртең мененки саат 4:00дөн 6:00гө чейин;
саат 08:00дөн 10:00гө чейин;
саат 12:00дөн 14:00гө чейин.
Калган убакта тоннель ачык болору айтылды.
Министрликтен келтирген ыңгайсыздык үчүн айдоочулардан кечирим сурап, абалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнүштү.
Каражат убагында бөлүнбөй Балыкчыдагы жолду оңдоо кечеңдеп жатат. Видео