ШКУ: Батыш Россия менен Кытайга каршы гибриддик согуш баштады

РФ жетекчилиги Батыш өлкөлөрү Россияга каршы экономикалык жана маалымат согушун жарыялаганын айтып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Россияга каршы жарыяланган тоталдык гибриддик согуш Кытайга “кайталана” баштады. Бул тууралуу Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысынын орун басары Григорий Логвинов айтканын РИА Новости жазды.
Ал ШКУга кирген өлкөлөр фейк маалыматтарга каршы туруу көйгөйүнө көңүл бурушу керек деп эсептейт.

"Эл аралык мамилелерде болуп жаткан көрүнүштөр Англия элинин "Калем сенин кылычыңа айланат" деген санат сөзүн эске салууда. Азыр маалыматтык технологиялар түздөн-түз аскердик багытта колдонулуп, медиа мейкиндиги согуш талаасына айланды", — деди Логвинов бул темага арналган форумда сүйлөп жатып.

Ал тоталдык гибриддик согуш алгач, ШКУнун негиздөөчү мамлекеттеринин бири болгон Россияга каршы башталып, эми Кытайга өтүп жатканын кошумчалады.
"Башынан эле ШКУ Батыш маалымат каражаттарында ачыктан-ачык кастык пикирлердин объектиси болуп келген. Акыркы жыйырма жыл ичинде Батышта биздин уюмду жек көрүүсү күч алды. Өзгөчө, Казакстандагы январь окуялары учурунда ШКУ менен ЖККУ Казакстандын мыйзамдуу бийлигин колдоп чыкканда муну даана көрө алдык", — деди ал.
Россия Украинадагы атайын операциясын февраль айында баштаган. Муну менен катар РФ жетекчилиги Батыш өлкөлөрү Россияга каршы экономикалык жана маалымат согушун жарыялаганын айткан.
АКШ Sputnik менен RT каналына көзөмөлдү күчөткөнү жатат