Кыргыздардын жашоосун тааныштырган "Оймо". Фестивалдан 12 сүрөт

Бишкекте салттуу маданият жана кол өнөрчүлөрдүн эл аралык "Оймо" фестивалы ачылды. Sputnik Кыргызстан иш-чарадан сүрөт түрмөк даярдады.
Sputnik
Фестиваль 28-июлда башталган. Ал 2-августка чейин Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында өтөт. Андан соң Чолпон-Атада 2-7-августта "Рух-Ордо" комплексине бурула турган жерге жакын жайгашкан сейил бакта уюштурулат.
Кыргызстанда бул фестиваль 2006-жылдан бери өтүп, салтка айланып калган. Туристтик компаниялар аны регионалдык иш-чаралар планына киргизип, туристтерди өлкөгө тартууга жардам берет.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Оймо" эл аралык фестивалынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.
1 / 12

Бишкекте салттуу маданият жана кол өнөрчүлөрдүн эл аралык "Оймо" фестивалы башталды

2 / 12

Иш-чара Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында өтүп жатат

3 / 12

Фестивалга келгендерге өнөрпоздор талантын тартуулап жатат

4 / 12

Кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси борбор калаада жуманын аягына чейин созулат, андан соң Чолпон-Атада улантылат

5 / 12

Чет элдиктер да келип улуттук ырларын аткарууда

6 / 12

Жарманкеге Кыргызстандын эле чеберлери эмес, Борбор Азиядан дагы келишти

7 / 12

Бул фестиваль 2006-жылдан бери өтүп, салтка айланып калган

8 / 12

Бишкектин тургундары жана коноктору этностилдеги кийимдерди, колдо жасалган буюмдарды жана кооз белектерди сатып ала алышат

9 / 12

Зер буюмдарды шөкөттөгөн өзгөчө образдагы айым

10 / 12

Жарманке эртеден кечке чейин улантылат

11 / 12

"Оймо" фестивалы өзгөчө туристтердин көңүлүн бурат

12 / 12

Иш-чарада кол өнөрчүлөрдүн балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстары уюштурулат

Тема боюнча:
Бишкекте эл аралык "Оймо" этнофестивалы башталды. Видео