Өспүрүм кызды сабаган окуя. 31 жаштагы киши башка кылмышка шектелип кармалды

Окуя Ноокат районунун аймагында мындан эки жыл мурда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Өспүрүм кызды сабап жаткан видеодогу киши мурда үч жолу соттолгону аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 26-июлда Tik-Tok тармагына белгисиз эки киши жаш кызды коркутуп, 10 000 сом акчаны эмнеге иштеткендигин сурап, аны уруп жаткан видео тараган.
Милициянын айтымында, окуя Ноокат районунун аймагында мындан эки жыл мурда болгон. Видеого тартып суроо берип жаткан адам мурда үч ирет соттолгон ушул эле райондун тургуну экени аныкталган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө үчөө тең "Ноокат жаштары" кайрымдуулук фондунда иштегени белгилүү болду. 2020-жылы жазда кыз (ал убакта 15 жашта болчу) фонддун 10 миң сомун пайдаланып койгон. Муну өз ара териштирип, акчаны өндүрүү максатында видеого тартып алышкан. Ошол видео быйыл 26-июлда социалдык тармактарга тараган. Бул окуя боюнча эч ким тийиштүү органдарга арыз жазган эмес. Учурда аталган материал боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Кызды уруп жаткан 31 жаштагы Б.Э. учурда башка кылмыш боюнча кармалганы белгиленди.
Милициядан билдиргендей, ал 27-июль күнү Ноокат шаарында 26 жаштагы жигит менен уруша кетип, ага өзү көтөрүп жүргөн ашкана бычагын сайып жиберген. Андан соң из жашырып кеткен. Эртеси милиция аны колго түшүрүп, Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизген. Мындан сырткары, ал 1-июль күнү Ноокаттагы дүкөндөрдүн биринде кайрымдуулук кутучасына салынган акчаны коркутуу жолу менен тартып алган кылмышка тиешеси бар экени аныкталган.
Оюн паркында атасынын көзүнчө мушташкан балдар. Эркекке кылмыш иши козголгон жок