Ош шаарында эт, сүт азыктарын арзан саткан социалдык дүкөндөр ачылат

Бул жайдагы азыктарды базар баасынан 10 пайызга төмөн сатып алууга шарт түзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Августтун башында Ош шаарынын жети муниципалдык аймактык башкармалыгында социалдык дүкөндөр ачылат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бардык муниципалдык аймактарда ачууну тапшырган.
Долбоордун негизги максаты — калктын муктаж катмарына эт жана сүт азыктарын базар баасынан 10 пайызга төмөн сатып алууга шарт түзүү.
"Учурда социалдык дүкөндөрдүн курулуш иштери бүткөрүлдү. Ошондой эле мыйзам чегинде ветеринардык инспекция тарабынан товар алып келүүчү тараптарды да тандоо аяктады", — деп айтылат маалыматта.
Социалдык дүкөндөрдөгү азыктардын сапатын ветеринардык инспекция көзөмөлдөйт.
Көлдө абрикостун баасы түшүп кетти. Министрлик анын үч себебин атады