"40 райондон – 40 демилге". Өкмөт жаңы долбоордун жобосун бекитти

Аталган демилге өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстанда "40 райондон – 40 демилге" деп аталган инновациялык демилгелерди тандоо долбоору ишке ашат.
Өкмөттүн маалымат кызматы министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесинде демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобо бекитилгендигин кабарлады.
Аталган долбоор Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен иштелип чыккан.
"40 райондон – 40 демилге" региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн экономиканы, илимди, техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарында инновациялык долбоорлорду стимулдаштырууга жана илгерилетүүгө багытталган", — деп жазылган билдирүүдө.
"40 райондон – 40 демилге" долбоору боюнча иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоону ведомстволор аралык комиссия ишке ашырат.
"Долбоордун алкагында иштелип чыккан 8ге жакын инновациялык демилге республикалык бюджеттен каржыланат деп болжолдонууда. Тандалып алынган бир инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 миллион сомго чейин акчаны республикалык бюджеттен бөлүү чечими кабыл алынды", — деп билдирди өкмөттөн.
"Хан бийлигинен нарк күчтүү". Жапаровдун "Улуттук нарк жөнүндө" жарлыгы