Москвадан Ошко жаңы авиакаттам ачылды

Жаңы ачылган каттам жүргүнчүлөрдү жекшемби күндөрү тейлемекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Москва шаарынан Ош калаасына чартердик жаңы авиакаттам ачылганын "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган каттамды жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) Россиянын "Ямал" авиакомпаниясы аткарат. Учуу убактысы — беш саат.
"Ош" аэропортунан кайсы чет өлкө жана шаарларга учса болорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуй аласыздар.
Бишкектен Новосибирск, Казань, Самарага каттаган поезддердин расписаниеси