Москвадагы өрт: ТИМ ал жакта кыргызстандыктар болгон-болбогонун тактоодо

Өткөн түнү Москвада ири өрт чыгып, сегиз адам каза болду.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы мейманканада өрт чыккан учурда Кыргызстандын жарандары болгон-болбогонун иликтеп жатат.
Ведомство укук коргоо органдары каза болгондордун жана жабыркагандардын ким экенин тактап жатканын билдирди. Анткени алардын документтери күйүп кеткен. Окуя болгон жерде КР элчилигинин кызматкерлери жүрүшөт.
Жума күнгө караган кечте мейманканада ири өрт чыккан. Москванын ыкчам кызматтары РИА Новости агенттигине билдиргендей, өрттүн кесепетинен сегиз адам каза болгон. Алардын үчөө Россиянын, калгандары Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгени маалым. Дагы сегиз адам жарадар болгон.
Россия ӨКМинин маалыматы боюнча, өрт электр жабдууларынын бузулушунан келип чыгышы мүмкүн. Тергөө комитети да трагедиянын негизги версияларынын бири электр зымдарынын бузулушу деп эсептейт.
Сокулукта автоунаа оңдогон жайда эки спринтер өрттөнүп кетти. Сүрөт