Москвадагы өрт: көз жумгандардын, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Буга чейин сегиз адам каза болгону кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Алдын ала маалымат боюнча, Москвадагы мейманканада чыккан өрттөн жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ведомство 200дөй адам эвакуацияланганын тастыктады. Укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын жана өрттүн келип чыгуу себебин, ошондой эле каза болгондордун ким экенин тактап жатышат.
Жума күнгө караган кечте мейманканада ири өрт чыккан. Москванын ыкчам кызматтары РИА Новости агенттигине билдиргендей, өрттүн кесепетинен сегиз адам каза болгон. Алардын үчөө Россиянын жарандары, калгандарынын Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгени айтылган. Дагы сегизи жаракат алган.
Россия ӨКМинин маалыматы боюнча, өрт электр жабдууларынын бузулушунан келип чыгышы мүмкүн. Тергөө комитети да трагедиянын негизги себебинин бири электр зымдарынын туура эместигин атаган.
"Дордойдогу" өрт. Кийим саткан 42 контейнер күйүп, эки адам жабыркаган