БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан №27 абакты күзөткөн катардагы жоокер А.К.С. ок жеп каза тапкан. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлады.
"29-июлда болжол менен саат 08:30да катардагы жоокер А.К.С. өзүнө бекитилген курал менен өзүн атып алып, ошол жерден жан берген", — деп айтылган маалыматта.
Адам өмүрүн алган кырсыктын эмнеден болгондугун аныкташ үчүн Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин баштагандыгын айтышты.