БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жоюлуп кеткен № 47 түзөтүүчү колониянын мындан аркы тагдыры тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
Анын айтымында, колонияны буздуруу үчүн атайын комиссия түзүлгөн.
"Биз дагы Мамлекеттик курулуш агенттигинин төрагасы менен биргеликте барып, ал жерди көрдүк. Реконструкциялоо маселеси каралып жатат. Бул аянтты (8,7 гектар) тазалап салышыбыз да мүмкүн. Варианттар ар кандай болуп жатат. Балким, мамлекеттик буюртма берилет же сынак аркылуу менчиктештирилет, болбосо инвестициялык долбоор ишке ашат", — деди Бакиров.
Аткаминер буга чейин мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси тууралуу маалымат берген.