Милиция Ысык-Көлдүн жээгиндеги бууканаларды аныктады. Видео

2016-жылы өкмөт жээктеги пляждык зонанын аймагына буукана орнотууга тыюу салган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Сары-Ой айылындагы "Ямайка", Costa-Brava жана "Радуга" пансионаттарындагы көл жээгинен бууканалар аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Рейд бүгүн, 29-июлда, жүргүзүлгөн. Факты Ысык-Көл РИИБ тарабынан каттоого алынып, учурда териштирүү иштери аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын өкмөтү 2016-жылдагы "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндөгү" токтому менен жээктеги пляждык зонанын аймагына буукана орнотууга тыюу салган.
Радио
Кенжематова: Кыргызстанга алты айда 3,5 миллиондон ашык турист келди