Мектеп директорлорунун орточо айлыгы канча экени айтылды

Өлкөдө мугалимдердин маянасы жогорулаганда мектеп жетекчилериники көтөрүлгөн эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстанда мектеп директорлорунун орточо айлык акысы 15 миң сом. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Өлкөдө мугалимдердин маянасы жогорулаганда мектеп жетекчилериники көтөрүлгөн эмес. Директорлор тандалган соң, айлыкты күзүндө жогорулатуу пландалып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, президенттин жарлыгы боюнча, өлкөдө беш жылдан ашык иштеген 966 мектеп жетекчиси кызматтан алынган. Жаңылары эми сынактын жыйынтыгы менен беш жылга дайындалат. Мектеп директорлорун тандоо 11-августта Баткенде баштала турганы айтылды.
Мектеп директору боло алат белеңиз? Тесттен өтүп көрүңүз