БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Мамлекеттик ишканалар менен акционердик коомдордун (АК) жетекчилеринин айлыгынын көлөмү мындан ары эффективдүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрүнөн (KPI) көз каранды болот. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда билдирди.
Жаңы система фонддун буйругу менен киргизилип, мамлекеттик ишканалар менен АК акырындык менен ишке ашыра баштады.
"Мындан ары KPI көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгына карап жетекчилердин ишине баа берилет. Биз буга чейинки сый акыларды, башка кошумча төлөмдөрдү жана компенсацияларды жокко чыгардык. Бардык нерсе аткарылган иштен көз каранды болмокчу", — деди Бакиров.
Ал ошондой эле документтерди электрондук форматка өткөрүү системасы тууралуу да айтып берди.
"Биз мамлекеттик ишканалар менен акционердик коомдордун бардык жазышууларын, ким, каякка эмне жөнөтүп жатканын, эмне тууралуу кеп болгонун билип тургубуз келет", — деди фонддун төрагасы.
Ал ошондой эле "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле акционердик коомдор өздөрүнүн ички жобосун колдонуу менен сатып алууларды жүргүзө аларын эске салды. Бакировдун айтымында, бул нерсе уюмдун ишин жакшыртууда оң роль ойнойт.