Лавров: биздин өнөктөштөр АКШнын санкцияларына дуушар болушу мүмкүн

Буга чейин Россиянын ТИМ жетекчиси айткандай, АКШ глобалдык чыңалууну атайын максат коюп күчөтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Россияга өнөктөш өлкөлөр АКШнын талабы боюнча санкцияларга дуушар болушу мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости билдирди.
Ташкенттеги ШКУга мүчө мамлекеттердин ТИМ жетекчилеринин кеңешинен кийинки маалымат жыйында Лавровдон африкалык өнөктөштөр алардын резервдерин тоңдуруп салабыз деген Батыштын опузасын кандай кабыл алганын сурашты.
"Африка өлкөлөрү гана эмес, Батышка бир эле кыймылы менен жакпай калган мамлекеттердин баары санкцияга кабыларын жакшы түшүнүп калышты", — деди министр.
Ал белгилегендей, мындай өлкөлөргө жардам берилет. Ал үчүн африкалык мамлекеттердин жетекчилеринин кароосуна улуттук валютада эсептешүүгө өтүү сунушу киргизилди. Буга чейин Россиянын ТИМ жетекчиси айткандай, АКШ глобалдык чыңалууну атайын максат коюп күчөтүп жатат. Ошондой эле министр Батыштын саясий жана аскердик элиталары демократияны күчкө салуу менен орнотсо болот деп катуу ишенерин, андыктан өз үстөмдүгүн орнотуу үчүн аскердик аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.
Ташкентте ШКУ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери чогулду. Себеби