БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.
Ван И өлкөгө КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келген.