Августта Кыргызстанга Pfizer вакцинасы алып келинет. Штаб элди эмделүүгө чакырды

Маалым болгондой, учурда өлкөдө SinoPfarm вакцинасы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Августта Кыргызстанга 100 620 доза Pfizer вакцинасы алып келинет. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Буга чейин мэрия Бишкекте AstraZeneca, Спутник-Лайт, Moderna, Pfizer вакциналары түгөнгөнүн айтып, SinoPfarm вакцинасы менен гана эмдөө жүрүп жатканын билдирген.
Республикалык иммундук профилактика борбору өлкөдө эпидемиологиялык абалдын начарлашын күтпөй, азыртан вакцина алууга чакырды.
"Июндун аягынан тарта Кыргызстанда коронавирус жуктургандар көбөйгөнү байкалууда. Илдет илештиргендердин басымдуу бөлүгүндө оорунун белгилери билинбей өтүп жатат. ДССУ күз-кыш мезгилинде эпидемиологиялык кырдаал күчөшү мүмкүн деп божомолдоодо. Ошондуктан сентябрга чейин COVID-19га каршы вакцинанын кошумча дозасын алыш керек", — деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, учурда өлкөдө SinoPfarm вакцинасы бар.
COVID күчөгөнүнө байланыштуу Бишкекте Тез жардам кызматы ишке кирди. Номери