Мектеп директору боло алат белеңиз? Тесттен өтүп көрүңүз

Талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси болуп дайындалуу үчүн 60тан жогору балл алышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директору болууну каалагандар үчүн сынамак тесттен өтүп көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди.
Эми бул шилтеме аркылуу кирип, каалаган жаран өз дараметин текшерип көрсө болот.
Талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси болуп дайындалуу үчүн 60тан жогору балл алышы керек.
Сынакка байланыштуу суроолорду 0505 110 108, 0556 110 107, 0755 112 237, 0778 112 238 номерлери аркылуу бериңиздер.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда билим берүү жаатындагы ири реформанын алкагында беш жылдан ашык иштеген 966 мектеп директору кызматтан бошотулган. Алардын ордуна жаңы директор конкурстук негизде тандалып алынат.
Мектеп директорлорун тандоо 11-августта Баткенден башталат. Облустардын графиги