Бийлик "Кумтөр" биротоло Кыргызстанга өткөнүн жарыялады. Келишимде эмнелер камтылган?

Макулдашылган документтер Улуу Британиядагы элчинин колуна тапшырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Президенттин администрациясы "Кумтөрдү" өткөрүп берүү процесси биротоло аяктаганын жарыялады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-июлда, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде "Кумтөр" алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.
Тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда элчи Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети тапшырылган. Анын ичинде "Кумтөр Голд Компани" жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" компанияларынын акцияларынын 100 пайызы "Кыргыз алтын" ААКтын менчигине толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр бар.
Бүгүн эле келишимде каралган бардык финансылык төлөмдөр Кыргызстандын пайдасына которулганы белгиленди.
Жетишилген келишим төмөнкү пунктуларды камтыйт:
"Кумтөр" кени толугу менен республиканын менчигине өтөт. Ошол эле учурда Кыргызстан 2021-жылдын 15-майынан тарта кенден өндүрүлгөн алтындын ээси катары таанылат;
Centerra Gold.Inc компаниясы болжол менен 11 миллион доллар дивиденд төлөйт;
Centerra тарабынан кыргыз тарапка 50 миллион доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылды;
"Кумтөр" кени боюнча Рекультивациялоо фондун башкаруу Кыргызстанга өтөт, көлөмү болжол менен 53 миллион доллар. Бул сумма дагы Кыргызстандын банктарынын бириндеги атайын эсепке которулат.
Centerra кыргыз тарапка каршы демилгеленген бардык соттук териштирүүнү токтотот: АКШда (27-июлда токтотулган), Швецияда жана Канадада (доолорду кайтарып алуу каттары 28-июлда жөнөтүлгөн).
Кумтөр иши: түркиялык 3 компания Кыргызстандан акча доолап сотко кайрылды