Кулубаев Ташкенттеги ШКУ жыйынына катышты. Козголгон маселелер

Иш-чара Өзбекстандын борбор калаасында бүгүн, 29-июлда, өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ташкент шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Анда Иранды ШКУнун толук кандуу мүчөлүгүнө кабыл алуу жол-жоболорун талкуулашкан. Ошону менен катар актуалдуу регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышкан.
Кулубаев Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү жөнүндөгү Кыргызстандын демилгеси боюнча маалымат берген. Ошондой эле чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу механизмин өркүндөтүү жөнүндөгү ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын чечимин ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген.
"Ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аймактын транзиттик потенциалын жогорулатуу максатында кыргыз тарап мурда кабыл алынган документтердин негизинде ШКУ өлкөлөрү менен кызматташуусун активдештирүүнүн маанисин белгиледи. Анын алкагында президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасын түзүү жөнүндө" жарлыкка кол койгондугун маалымдады", — деп жазылат релизде.
Министр ШКУнун алкагында ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин жана уюмдун уставдык документтеринде аныкталган бардык багыттар боюнча кызматташтыкты дагы да өнүктүрүүгө салым кошууну улантарын белгилеген.
Мындан тышкары, ал өнөктөштөрүнө Кыргызстандын эл аралык демилгелерине, анын ичинде 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине көрсөтүлгөн талапкерлигине колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.
Ташкентте ШКУ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери чогулду. Себеби