Эртерээк камдап алгыла. Августта Кара-Кечеден көмүр ташылып баштайт

Көмүрдүн кенден чыккан өзүнүн баасы 1 450 сомду түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Август айынын башынан тарта көмүр ташылып баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, учурда Кара-Кече кенинде 150 миң тонна көмүр казылып даяр турат.
"Кыргызстандыктар көмүрдү азыртадан сатып алып, кышка даярдык көрүшү керек. Августтун башында көмүр ташыган жеке тараптар — айдоочулар өлкөнүн түндүк регионуна көмүр жеткирүүнү баштайт. Ал калкка, Бишкек шаардык ЖЭБге берилет. Мекендештер көмүрдү кампалардан сатып алса болот", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мекеме Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн бир тоннасынын баасы 1 450 сомду түзөрү белгиленди. Аталган баа Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан коюлган.
Быйыл көмүр, электр тогу тартыш болбойт. Энергетика министринин убадасы видеодо