Ири экран бийчилердин бирин басып калды. Концерт учурундагы видео

Көлөмү бир топ эле чоң экран Гонконгдо Mirror тобунун концерти учурунда бийчилердин бирин басып калды. Иш-чара түз алып берилип жаткандыктан ага бир нече миң адамдар күбө болду.
Sputnik
Фанаттар жарыялаган видеодон айланып, жылып жүргөн экрандын тросу үзүлүп кетип, кырсык болгонун көрүүгө болот.
South China Morning Post басылмасы бул окуядан соң бир бийчинин башы жарылып, экөөнүн дене бою көгөргөндүгүн айтты. Жабыркагандар ооруканага жаткырылган, алардын биринин абалы оор экени маалымдалды.
Окуядан кийин концерт токтотулуп, топтун менеджери көрүүчүлөрдөн кечирим сурап, аталган жайдан чыгууну суранган.
Тема боюнча:
АКШ: концертте тебелендиде калып, 8 адам көз жумду. Арасында өспүрүмдөр бар