Британиялык тарыхчы: күзүндө Батыш Киевди аймактык жол бошотууга чакырып калат

Тарыхчы антироссиялык санкциялар күтүлгөндөй майнап бербей каларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Күздө Батыш жамааты Киевди аймактык жол бошотууга чакыра баштайт. Мындай пикирин британиялык тарыхчы, Гарвард университетинин профессору Нил Фергюсон билдирди. Бул тууралуу РИА Новости германиялык Focus басылмасына чыккан макалага таянуу менен жазды.
Тарыхчынын пикири боюнча, күзгө барып батыш өлкөлөрүнүн Украинага көрсөткөн жардамынын аягы суюлат. Ошол эле учурда антироссиялык санкциялар күтүлгөндөй натыйжа бербей калат.
"Күзүндө Батыш айласыздан Киевди аймактык жол бошотууга чакыра баштайт. Бул иш жүзүндө Украинаны бөлүүгө алып келет", — деп эсептейт Фергюсон.
Ошондой эле ал АКШ Украинада тактикалык ката кетиргенин, мунун айынан Киев оор кыйынчылыкка кептелип жатканын билдирди.
"Президент Жозеф Байдендин администрациясы украин кризисинин баштапкы этабында эч нерсе кылбай койду. Менин көз карашымда, бул өтө эле чоң ката кетирүү болду", — деди тарыхчы.
Ошону менен катар эле жаңжал канчалык көпкө созулса, батыш өлкөлөрүнүн Киевге жардам берүүсү ошончолук солгундай турганын белгиледи.
Медведев Украинанын аймактары башка өлкөлөргө өтүп кеткен картаны көрсөттү