Бишкекте тергөөчү жана РИИБ кызматкери кармалды. Видео

Тергөөчү чет өлкөлүк жарандан 2 000 доллар акча талап кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкекте Ленин РИИБдин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, милиционерлерди колго түшүрүү ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Атайын кызмат билдиргендей, тергөөчү тергөөгө чейинки териштирүү иштерин токтотуу үчүн чет өлкөлүк жарандан 2 000 доллар акча талап кылган.
"Тергөөчү жана РИИБдин кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери бул сумманы алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Жалал-Абадда ири өлчөмдө пара алып жүргөн жетектөөчү адис кармалды. Видео