Катталган жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү — жөө адамдарды сүзүп кеткен учурлар болууда. Үстүбүздөгү жылдын алты айында 723 адамды автоунаа коюп кеткен. Бул тууралуу Алмазбек Исаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматы жол кырсыктарын алдын алуу максатында 87 рейддик иш-чара өткөргөн.
"Бишкекте жыл башынан бери 1 342 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилдеги көрсөткүчүнө караганда үч пайызга көп. Автокырсыктан 1 700дөн ашык адам түрдүү жаракат алса, 21 киши каза болду. Ал эми жаш балдар аралашкан 296 окуя болсо, 331 өспүрүм жаракат алып, экөө набыт болду. Борбор калаада алты айда Кайгуул кызматы тарабынан 170 миңден ашык жол эрежесин бузуу боюнча протоколдор түзүлгөн. Жалпы мыйзам бузгандарга 247 миллион сомго айып салынып, анын 76 миллиону өндүрүлдү. Биздин башкармалык жол кыймылынын коопсуздугунан тышкары 102 кызматы боюнча да иш алып барат. Алты айда 30 миңдей билдирүү түшкөн. Чакырууларды тейлөө учурунда райондук ички иштер бөлүмдөрүнө 9000дей жаран жеткирилген. Анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 516 коргоо ордери берилип, жашаган жери жок 506 адам "Коломтого" жеткирилди. Ал эми алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн тилемчилик кылган 147 адам, 32 бала өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына жеткирилди", — деди Исаков.
Ал 2022-жылдын алты айында кылмышка шектүү 317 жаран изи сууй электе кармалганын кошумчалады.