БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Борбор калаанын чок ортосунда жайгашкан Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен мурдагы имаратын бузуу иштери улантылууда.
© Sputnik / Михаил Дудин
Имаратты 1-июлда түрттүрүп баштаган, аталган көчөнүн тегерек-четинде чаң сапырылууда. Учурда бир кезде өрттөлгөн имараттын арткы тарабын бузуп бүтүштү.
© Sputnik / Михаил Дудин
Мэрия ал жерге соода борбор же мейманкана салууну пландап жатканын билдирген.
© Sputnik / Михаил Дудин
Анын алдында Германиядан жасалган үч долбоордун эскизи сунушталган.
Имарат 2010-жылы Апрель революциясы маалында өрттөлгөн. Калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров аталган объект 12 жылдан бери жаап-жашыра берип чарчаганын жана туристтердин алдында уялып жатканын билдирди. Имаратты бузуп, жок кылууга 7,6 миллион сом бөлүнгөн, иш 90 күндүн ичине жасалып бүтүшү шарт.