БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Аскер прокуратурасынын Бишкек гарнизону УКМК менен биргеликте аскер бөлүктөрүнүн биринде баңгизат сатып жаткан жоокерди кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аскер кызматкерин 28-июль күнү баңгизат сатып жаткен жеринен колго түшүргөн. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") кылмыш иши козголгону айтылды.
Аталган факт боюнча иликтөө жүрүп жатат, шектүү жоокер Бишкек гарнизонунун убактылуу кармап туруучу жайына киргизилген.