ЖМК: Улуу Британияда электр жарыгы боюнча көйгөйлөр ушул кышта башталышы мүмкүн

Санкциялардын алкагында Батыш өлкөлөрү Россиянын энергия булактарынан баш тартууну көздөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Россиядан келген электр энергиясы азайса, Улуу Британия быйыл кышында катуу каатчылыкка учурашы мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Улуттук National Grid энергетикалык системасы кышында электр кубатын ташуу үчүн деңиз астындагы кабелдерди колдонууга аргасыз болорун айтты. Бирок андай болгон күндө дагы декабрь айынын башында электр энергиясынын тартыштыгы болорун эскертти.
Шаршемби күнү Times гезити BFY консалтинг фирмасынын божомолуна таянып, өлкөдө энергетика үчүн төлөмдөр келерки жылдын башында рекорддук чекке жетиши мүмкүн деп билдирди.
Ансыз дагы Европада газдын баасы апта башынан бери тездик менен өсүүдө. Дүйшөмбү күнү "Газпром" компаниясы "Портовая" станциясында дагы бир Siemens турбинасын иштетүүнү токтотуп жатканын, анын натыйжасында 27-июлдан тарта "Түндүк агым" газ кууру аркылуу суткасына 33 миллион кубометрден ашпаган газ жеткирилерин жарыялаган.
Россия 24-февралда Украинага карата атайын операцияны баштаган соң ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага үстөккө-босток санкция салган. Анын алкагында Европа мамлекеттери Россиянын энергия булактарынан баш тартууну көздөшкөн.
Анткен менен санкция кээрин Батыш өзү да тартып, кесепети элди кыйнай баштады. Мисалы, электр энергиясы кымбаттап, инфляция өстү. Бул нерсе негизинен каржы секторуна жана жогорку технологиялык продуктуларды жеткирүүгө терс таасирин тийгизди. Россиянын президенти Владимир Путин Россияны ооздуктоо жана алсыздандыруу саясаты миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатып жатканын айтып келет.
БУУ: Батыштын санкциялары аялуу катмарга сокку болуп жатат