Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украиналык аскерлер Донецкиге сокку урууда тыюу салынган курал колдонушкан

"Лепесток" минасы тыюу салынган куралдардын катарына кирери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Украинанын аскерлери Донецкиге сокку урууда тыюу салынган "Лепесток" минасын колдонушкан. Бул тууралуу РИА Новости ДЭРдин аймактык коргоо штабына таянып кабарлады.
Буга чейин Көзөмөл жана координация борборунун ДЭРдеги өкүлчүлүгү бейшембиге караган түнү Украина аскерлери Донецкини үч ирет аткылагандыгын маалымдаган.
"Украинанын куралдуу күчтөрү Донецкинин Киев жана Куйбышев райондорун аткылашкан. Шаар тургундары жашаган жерлерге "Лепесток" миналарынын бир нечеси ыргытылган", — деген штаб.
Белгилүү болгондой, "Лепесток" минасы тыюу салынган курал-жаракка кирет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ДЭР: ок жаап турган поселоктон тартылган видео