Токмокко жакын айланма жолдо кырсыктаган маршрутка аңтарылып калды

 Токмокко жакын жерде, айланма жолдо маршрутка автокырсыкка кабылды
Микроавтобустагы жүргүнчүлөрдүн ичинен экөө ооруканага кайрылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Токмокко жакын жерде, айланма жолдо маршрутка автокырсыкка кабылды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыктын маалымат кызматы кабарлаган.
Окуя бүгүн Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 59-чакырымында саат 12:40 чамасында болгон.
Автоунаанын Бишкекти көздөй бара жатып кырсыктаганы маалым болду.
"Арткы дөңгөлөгү жарылып кеткенден кийин микроавтобус оң капталына кулаган. Ал эми айдоочу аны башкара албай калган", — деп айтты маалымат кызматынан.
Авариянын кесепетинен эки жүргүнчү Токмок шаардык аймактык ооруканага кайрылган.
Бишкек шаарында эртең менен Юнусалиев менен Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчүлөрү бар маршрутка жеңил автоунаа менен кагышып, оодарылып кетти
Бишкекте кырсыктаган бус жүргүнчүлөрү менен кошо оодарылып кетти. Сүрөт, видео